Биз менен байланышыңыз

Кочкоровдун платформасы: «КУТ» программасы, бекем жоопкерчилик

Шайлоо-2021 | 6 Янв 2021 | 1145 | 0

«Марал» радиосу 10-январда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин платформасын угармандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Улукбек Кочкоровдун платформасындагы негизги багыттарды баяндайбыз.

Улукбек Кочкоров өзүнүн «КУТ» аталышындагы программасында жарандардын татыктуу шартта жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылууну негизги максат катары көрсөткөн. Бул шартка жетүү үчүн биринчи кезекте финансы-экономикалык мамилелерди жана шайлоо системасын олуттуу реформалоо зарылдыгын жазган. Ал өлкөнүн өнүгүүсүндө башкаруу формасынын эч мааниси жок экенин айтат. Негизги көйгөй деп татыктуу бийликти түзүп бере албаган татаал шайлоо системасын айыптайт. Шайлоо системасын толугу менен реформалап, элдин тандоосуна ыңгайлуу шарт, ал эми талапкерди программасын аткара албай калган учурда мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу механизмдерин киргизүүнү сунуштайт.

Эгер ал шайлоодон утуп чыкса, бийликтин тең салмактуулугун камсыздап, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүүнү убадалоодо. Мамлекеттик кызматтарды ашкере саясатташуудан арылтып, иштин натыйжалуулугуна маани берилет. Ишинде натыйжа көрсөтө албаган жетекчилерди кызматтан алуу, жоопкерчиликке тартуу чаралары камтылган.

Ал кызматтарга кесипкөй кадрларды тартуу, кызматкердин карьералык өсүшү бардык кызматтык даражаларынан ырааттуу басып өтүшү зарыл болот.

Ал эми финансы-экономикалык мамилелерди реформалоону этап-этабы менен планга ылайык жүргүзүүнү максат кылган. «Стратегиялык пландаштыруу жөнүндө» мыйзамдарды иштеп чыгуу, мыйзамдуулукту камсыз кылуучу, коррупцияга каршы күрөштү камтуусу зарыл. Өлкөнүн экспорттук дараметин өстүрүүгө багытталган, социалдык инфраструктурасын жандандыруучу, өндүрүштүк кубаттуулукту арттырып, калктын накталай кирешелерин жогорулатууну мерчемдейт.

Бизнес ишканаларына мамлекеттик колдоо, кен байлыктардын запасына ревизия жүргүзүү, энергетика, салыктык жана бажы саясатын өзгөртүүнү зарыл деп эсептейт. Мамлекеттик бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу, ата мекендик ишкердикти мыйзамдык, салыктык жана инвестициялык колдоого шарт түзөт.

Реформалардын алкагында, «2020-2025-жылдарга карата калктын реалдуу акчалай кирешелерин жана мамлекеттин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу» концептуалдык улуттук долбоорун иштеп чыкканын билдирет.

Ал эми соттордун адилеттиги үчүн алардын көз карандысыздыгын камсыздап, жоопкерчилигин күчөтүүнү убада кылат.

Ошондой эле калктын социалдык абалын жакшыртуу негизги жасай турган иши катары көрсөтүлгөн. Программада жакырчылыкты жоюу, социалдык теңдикти орнотуу, убактылуу жумушсуз калган жарандарга жөлөк пулдарды төлөө, турак-жай, үй-бүлөлөрдү бекемдөө чаралары жазылган.

Мындан тышкары өлкөгө бирдиктүү билим берүү стандарттарын киргизүү, эл аралык стандарттарга ылайык жогорку билим берүүнү камсыздоо жана заманбап билим берүү менен кошо илим изилдөөчү институттардын өнүгүшүнө шарт түзөт.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо, маалыматтык технологияларды өркүндөтүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана тышкы саясаттагы стратегиялык иштерин жазган.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик кызматка талапкерлер Абдил СегизбевАдахан МадумаровАймен КасеновАрстанбек АбдылдаевБабыржан ТөлбаевБактыбек КалмаматовЖеңишбек БайгуттиевИмамидин ТашовКанатбек ИсаевКаныбек Иманалиев, Клара СооронкуловаКурсан АсановМыктыбек АрстанбектинРавшан Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун программасы жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM