Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2021: Аймен Касенов электрондук курултай системасын сунуштайт

Шайлоо-2021 | 21 Дек 2020 | 1860 | 0

2021-жылдын 10-январында өтө турган шайлоодо президенттикке талапкерлердин программасын, убадаларын элге айтып берүүнү улантабыз. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Аймен Касеновдун шайлоо алдындагы платформасында көрсөтүлгөн негизги багыттарды жана өзгөчөлүктөрдү баяндайбыз.

Учурдун негизги темасына айланган башкаруу системасы боюнча баштасак, талапкер Аймен Касенов парламенттик же президенттик башкаруу формаларын жактабайт. Ал өз платформасында жазылгандай, мамлекетте элдин бийлигинин үстөмдүгүн арттыруу менен электрондук курултай системасын киргизүүнү көздөйт. Мында Кыргызстандын ар бир жараны Президенттин, Өкмөттүн, соттордун ишмердүүлүгүн баалап жана көзөмөлдөп, ошол эле учурда маанилүү чечимдерди кабыл алууга смартфон аркылуу катышуусу зарыл болот. Тактап айтканда, мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүдө курултайдын мүчөсү деп эсептелинген ар бир жаран өз сунушун билдирип, анын пикири биринчи орунда каралат.

Аймен Касеновдун айтымында, мыйзам чыгаруу, бюджетти бөлүштүрүү ачыкталып, бардык мамлекеттик органдардын иши санариптик формага өтүп, эл аны көзөмөлдөп турганга шарт түзүлөт. Ошондой эле соттук жараяндар да ачык форматта өтөт. Бул — биринчиден, элге маалымдуулукту шарттаса, экинчиден, коррупциялык иштерге бөгөт коет. Жаңы шайланган парламент башкаруу формасын мыйзам нугунда бүткүл элдик бийлик институту болгон курултайга ырааттуу түрдө алмаштырат.

Мындан тышкары платформасында улуттун аң-сезимин салттык баалуулуктарды, тарыхый, маданий өзгөчөлүктөрдү сактоо аркылуу өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгилеген. Ошондой эле элди агартууга, адеп-ахлак, руханий жактан өнүктүрүүгө билим берүү системасын жакшыртуу аркылуу жетери жазылган. Өлкөнүн ар бир жаранына өзүнчө көңүл бөлүп, алардын чыгармачыл жана башка дараметин ар тараптан колдоо, укуктарын коргоо, саламаттыгына кам көрүү зарылдыгы камтылган.

Мындан тышкары экономиканы көтөрүүнүн жолу катары өлкөнүн айыл чарба жана гидроэнергетикалык дараметин жогорулатуу каралган. Кошуна өлкөлөр менен сууну адилеттүү бөлүштүрүп, ирригациялык тутумду жөнгө салып, айыл чарбасын өнүктүрүүнү, экологиялык таза азык-түлүк өндүрүүнү жана кайра иштетүү технологияларына багытталган айыл чарбанын моделин түзүүнү мерчемдейт. Жаратылышты коргоо, экологияны сактоо менен туризмди өнүктүрүү каралган.

Аймен Касенов негизги багыты катары аймактардын өзгөчөлүгүнө, шартына ылайык ар кайсы тармактан өнүктүрүүнү көздөйт. Мисалы, Жалал-Абад облусунда гидроэнергетиканы өнүктүрүп, энергияны көп талап кылган өндүрүштүк кластерлерди түзүү жана энергетикалык долбоорлорду адистештирүү, Чүй облусунун өнөр жай жөндөмүн кайра түзүү, логистикалык долбоорлорду алып келүү, билим берүү жана илимий дараметин өнүктүрүү, Баткен облусунда экологиялык таза жер-жемиштерди өстүрүү, инфратүзүмдөрдү мамлекет тарабынан колдоо сыяктуу багыттар каралган.

Мындан тышкары Аймен Касенов платформасында эгер шайлоодон утуп чыкса, экономика, билим берүү, өндүрүш тармагында жасай турган негизги долбоорлорун көрсөткөн. Белгилей кетсек, талапкер буга чейин эч бир шайлоого катышкан эмес.

Copyright © 2017 Maral FM