Биз менен байланышыңыз

Биз жөнүндө

“Марал ТВ” теле-радио берүү компаниясы – улуттук баалуулуктарды пропагандалаган, жарандарды социалдык жоопкерчиликке, мекенин сүйүүгө жана заман талабына ылайык ар тараптуу өнүгүүгө үндөгөн Кыргызстандагы көз карандысыз медиа.

Марал радиосу “Марал ТВ” катары 2010-жылдын 20-сентябрында расмий каттоодон өтүп, 2011-жылы ишин баштаган. Азыркы учурда Кыргызстандын 7 облусуна жеткиликтүү болуп, 24 саат бою обого чыгып келет.

Максаты – коомчулукту Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү окуялар менен так жана ыкчам кабардар кылуу. Андан сырткары кыргызстандыктарга альтернативалык маалымат булагы болуу менен кыргызстандыктардын билим, маданият жана адеп-ахлак деңгээлин жогорулатууга артыкчылык берилет.

Учурда «Марал» медиагруп катары радио, телеканал жана онлайн-контентте өз ишин алып барат:

“Марал» радиосу – Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жарандардын колдоосу менен негизделген көз карандысыз, улуттук медиа. Ошол себептүү түрдүү пикирлерге, ар кандай көз караштагы адамдардын өз оюн айтуусуна шарт түзгөн эркин аянтча.

«Марал ТВ» телеканалы алгач 2018-жылдан тарта «24 ТВ» бренди менен чыга баштаган. 2021-жылы март айынан баштап «Марал ТВ» брендинин астында толук кандуу телеканалга айланып обого чыгууда. Телеканалдын контенти ар тараптуу, маалыматтык жана көңүл ачуучу программаларды камтыйт.

Ал эми онлайн-контентке Марал радиосунун www.maralfm.kg сайты жана социалдык тармактагы баракчалары кирет. Анда телеканал жана радионун медиа продукциялары үн, текст жана видео форматка ылайыкталып жарыяланат.

Өзүн-өзү каржылаган мекеме коммерциялык уюмдар жана эл аралык донорлор менен да тыгыз кызматташат. Бул багытта макала жазуу, эфир даярдоо жана видео контент иштеп чыгуу кызматын көрсөтөт.

«Марал ТВ» онлайн платформаларда:

Сайт: www.maralfm.kg

Youtube: «Марал» радиосу, Марал Медиа — Maral Media

Facebook: Радио Марал — Maral FM, Марал Медиа — Maral Media

Instagram: radio_maral, maral_media

Twitter: @radiomaral

Telegram: radio_maral

Copyright © 2017 Maral FM