Учурга чейинки жетишкендиктерге мурдагы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун да салымы бар, эми анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок. Мындай пикирин мамлекет башчысы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жапаров өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы акыркы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салганын айтты.
«Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Усенбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле»,— деди ал.
Ошондой эле президент мыйзамсыз иш аракеттеринен улам, салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, бул жерде жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болгондугун белгиледи.
16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров отставкага кеткен.