Connect with us

Орусиянын таасирдүү генералдарынын бири үйүнүн жанында жардырылды

Кыска кабар | 17 Дек 2024 | 436 | 0

Бүгүн, 17-декабрда таңкы саат 6:00да Орусиянын борбору Москвада көп кабаттуу үйлөрдүн биринин астында жардыруу болду. Анда Орусиянын таасирдүү генералдарынын бири каза болгонун жергиликтүү басылмалар жазды.

Орусиянын тергөө комитети да Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн радиация, химиялык жана биологиялык коргонуу кошуунунун башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов жана анын жардамчысы аталган жардырууда каза тапканын ырастаган.

Күбөлөрдүн айтымында, жарылуу генералдын үйдөн чыгып бараткан учурунда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда жардыргыч зат үйдүн жанында токтоп турган скутерге орнотулган.

Жарылуу катуу болгондуктан көп кабаттуу үйдүн эшиги жана терезелери сынып кеткен. Генералдын кызматтык унаасы да жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM