Connect with us

Президент кыргыз-тажик чек арасы 50/50 болуп чечилгенин айтты

Кыска кабар | 13 Дек 2024 | 458 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча «Кабар» маалымат агенттигине маек берди.

Президент маегинде кыргыз-тажик чек арасы эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилгенин айткан. «Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот.

Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) менен бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат», — деп билдирген президент.

Учурда документке эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктап кол коюп келишсе, тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан кийин парламенттерден ратификациядан өтсө эки президент кол коет.

Ошондой эле Садыр Жапаров Борбор Азиядагы өлкөлөр арасында мындан ары чек ара талаш маселеси болбой турганын, башка өлкөлөр да бири-бири менен делимитация маселесин чечкенин айткан.

Ал эми кыргыз-тажик чек арасы качан ачыла турганы боюнча суроого, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин бүтөөрү менен ачылат, — деп жооп берген. Ошондой эле, эки өлкө ортосундагы соода-сатык солгундап кеткенин, чек аралар ачылса экономикалык мамилени эң жогорку деңгээлге чыгаруу керектигин белгилеген.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасы 3 жылдан бери эки тараптуу жабылган.

Жакында Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы толук чечилгенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM