Биз менен байланышыңыз

Абдылдаевдин платформасы: Өлүмдүн сырын таап, өлбөстүккө өтүү

Шайлоо-2021 | 22 Дек 2020 | 1662 | 0

2021-жылдын 10-январында өтө турган шайлоодо президенттикке талапкерлердин программасын, убадаларын элге айтып берүүнү улантабыз. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Арстанбек Абдылдаевдин шайлоо алдындагы платформасында көрсөтүлгөн негизги багыттарды жана өзгөчөлүктөрдү баяндайбыз.

Арстанбек Абдылдаев өз платформасында «Ааламдан адамзат үчүн Жаңы Доордо жашоо эрежелери» программасын ишке киргизүүнү убада кылат.

«Бүгүнкү күндөгү адамзаттын оор акыбалы, улуттар, мамлекет аралык пикир келишпестиктер, табият, вирустан адамзаттын өлүмүнүн көбөйүшү, революция, саясий каатчылыктар – бул: дүйнө саясатчыларынын, Президенттин, окумуштуулардын план, программасынын иштебей жаткандыгы. XXI кылымдын башында мага аян катары Ааламдан адамзат үчүн Жаңы Доордо жашоо эрежелери, талап, буйрук, программасы берилген», — деп келип, ааламдык программасын төмөнкү таризде тизмектейт:

1) Адамзат пендечиликтен чыгып, периштелик, улуулук сыпатка калыптануусу керек;

2) Өлүмдүн сырын таап, өлбөстүккө өтүү керек;

3) Адамзат табият кызматын, аалам сырын билип, алар менен таттуу мамиледе болуусу зарыл;

4) Адам Атадан таркаган адамзат биригип, бир мүнөз, бир идеологияга өтүүсү керек;

5) Адамдар дин жолунда сыйынбай, XXI кылымда сыйынууну токтотуп, сыйкыр касиетке ээ болуусу керек;

Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон талапкер булардан тышкары өзгөчө энергияга ээ адам катары дүйнө эли дүркүрөп жол таппай калган кезде, адамзатты кризистен чыгарып, Кыргызстанды тез арада өнүктүрөрүн айтат. Ошондой эле адамда арбайлык, периштелик, сыпат калыптанганда пикир келишпестик токтоп, улуттар биригерин, улуулукка карап каражат, саясат, маданият, улуу рахат пайда болорун, экономика көтөрүлөрүн, коррупция жоюларын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM