КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, «Кылым Банк» ачык акционердик коому түзүлдү.
Аталган банк мамлекетке тиешелүү, ал республиканын банк жана финансы тармагын өнүктүрүү үчүн түзүлүп жатканы белгилүү болду.
Банктын уставдык капиталы 1 млрд. сомду түздү. Бир акциянын номиналдык наркы 1 миң сом болот. Банктын уставдык капиталы 2027-жылы 5 млрд. сомго чейин өсүшү керек.