Кыргызстанда Wildberries логистикалык борборунун курулушу 2025-жылы башталат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев “Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, курулуш үчүн Чүй облусунан жер бөлүнгөн. Компания борборду салууга 15 миллион доллар бөлүүгө ниеттенүүдө.
Маалыматка караганда, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга 2024-жылдын май айында «Казань Экспо» эл аралык көргөзмөсүндө кол коюлган.
Долбоор Чүй облусунда 300 миң чарчы метр аянттагы трансчекаралык электрондук коммерцияны тейлөө үчүн заманбап логистикалык борбордун курулушун камтыйт.