Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-2 айылында жашоочулардын биринин үйүндө 5-январда жарылуу болгон.
УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, жарылуудан улам аял жана анын өспүрүм кызы жабыркаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, үй ээси бастырманын астындагы эски курулуш материалдары менен темир буюмдарды жыйнап жатып таап алган белгисиз жарылгыч зат (снаряд) жарылып кеткен.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы бул үй ок атуунун кесепетинен өрттөнүп кеткен.
Учурда жабыркагандар ооруканада, аларга зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлдү. Алардын абалы туруктуу деп мүнөздөлүүдө.
Жарылуу болгон жерди УКМКнын Чек ара кызматынын инженерлери дароо курчоого алышкан.
Окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери комплекстүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Бул окуяга байланыштуу Кыргызстандын жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн.