Connect with us

Мексикада дайынсыз жоголгон кыргыз жараны табылды

Жаңылык , Кыска кабар | 7 Янв 2025 | 238 | 0

Мексикада дайынсыз жоголгон Жаныбек Жакыпов табылды. Ал учурда Канкун шаарында экени белгилүү болду. Изделип жаткан жаран коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага жана ТИМге видео кайрылуу жөнөткөн.

Кайрылууда ден соолугунан көйгөй болуп, ээсин жоготуп жыгылганын айткан. Ага белгисиз адамдар жардам берип, учурда абалы баштагыга салыштырмалуу туруктуу экенин кошумчалган.

«Акыркы жарым жыл мен үчүн оор болду. Кыйын кырдаал менин ден соолугума таасир этип, ээсимди жоготуп жыгылдым. Абдан жакшы адамдар мага көмөк көрсөтүп, жеке оорукагана алып барып дарылашты. Азыр абалым жакшы».

Эске салсак, буга чейин Тышкы иштер министирлиги Мексикада кыргыз жараны дайынсыз болуп, издөө иштери жүрүп жаткандыгын кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM