Бразилиянын Аскер-аба күчтөрүнүн авиакырсыктарды иликтөө борборунун адистери Актау шаарына жакын кулаган, Азербайжанга таандык учактагы жазгычтан алынган маалыматтарга анализ жасап бүттү. Бул тууралуу Бразилиянын G1 агенттиги билдирди.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат казак тарапка берилген. Казакстан кырсыкка учураган учактын кара кутуларын Бразилияга декабрдын аягында жөнөткөн.
Эске салсак, Азербайжан аба жолдорунун учагы 2024-жылдын 25-декабрында кырсыкка учураган. Кырсыктан учактагы 67 адамдын 38и каза болгон. Азербайжандын президенти Илхам Алиев «Азербайжан аба жолдорунун» учагы «жерден аткылоонун натыйжасында» кыйраганын айтып, кырсык үчүн Орусияны айыптаган.