Кытайдын Тибет автономдук аймагында жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 95ке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.
Зилазланын кесепетинен 100гө жакын адам мерт кетип, мындан тышкары 130 жаран жаракат алган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-январь эртең менен АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, күчү 7,1 балга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаланын очогу Тибеттин экинчи чоң шаары болгон Шигадзеден 163 чакырым аралыкта жайгашкан.
Кырсыктан улам бир катар имараттар кыйраган. Учурда жабыркагандарга жардам көрсөтүү улантылууда.