Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги никени мамлекеттик каттоодон өткөрбөй туруп нике кыйгандарды жазалоону сунуштоодо. Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоор коомдук талкууга чыгарылды.
Министрлик БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитети Кыргызстанга 18 жашка чыга электерге никеге турууга тыюу салууну, анын ичинде 17 жаштан баштап нике күбөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну сунуштаганын эске салат.
Буга байланыштуу Үй-бүлө кодексинин долбоорунда нике курагын бир жылга төмөндөтүү нормасы алынып салынган.
Ошол эле учурда эмгек министрлиги Укук бузуулар жөнүндө Кодекстин жаңы редакциясын киргизүүнү сунуштап жатат, ага ылайык, никени мамлекеттик каттоосуз эле кыйгандарга 10 миң сом айыппул салынат.