Connect with us

Арка айылында жарылуудан улам жабыркагандардын абалы оор экендиги айтылды

Жаңылык , Кыска кабар | 7 Янв 2025 | 263 | 0

Арка-2 айылында снаряддын жарылуусунан жабыркаган бейтаптар Ошко жеткирилет. Бейтаптардын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аталган мекеменин маалыматы боюнча, жабыркагандар атайын учак аркылуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жана Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына дарылоону улантуу үчүн которулат.

Бейтаптарды жеткирүү бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт.

Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-2 айылында жашоочулардын биринин үйүндө 5-январда жарылуу болгон.

УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, жарылуудан улам аял жана анын өспүрүм кызы жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, үй ээси бастырманын астындагы эски курулуш материалдары менен темир буюмдарды жыйнап жатып таап алган белгисиз жарылгыч зат (снаряд) жарылып кеткен.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы бул үй ок атуунун кесепетинен өрттөнүп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM