Connect with us

«ЖМК жөнүндө» мыйзам: жаңы редакциясында кооптуу беренелер алынды

Коом | 3 Фев 2025 | 1798 | 0

Буга чейин кызуу талкууланган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар, медиа коомчулук менен бирге толукталып иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөнү маалым болду.

Медиа эксперттердин айтымында «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорунун баштапкы редакциясында «веб-сайттар, социалдык тармактагы баракчалар Санариптик министрлигинен милдеттүү түрдө тармактык маалымат каражаты катары катталууга тийиш» деген талап коюлган. Ушул сыяктуу талаптар медиа коомчулукту тынчсыздандырган.

Жетинчи жолу оңдолуп-түзөтүлгөн редакцияда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, журналисттердин сунуш-пикирлери эске алындыбы? Кандай өзгөрүүлөр болду? Кооптоно турган кандай жагдайлар бар экендигин жумушчу топтун мүчөлөрүнөн сурап көрдүк.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратованын айтымында, мыйзам долбоорунун акыркы редакциясын үчүнчү жолу түзүлгөн 20 адамдан турган жумушчу топ иштеп чыккан. Анда медиа коомчулуктун, маданият министрлигинин өкүлдөрү, юристтер болгон.

Үчүнчү жолу түзүлгөн жумушчу топ эки ай документтин үстүнөн иштеген.

Бул жолку жумушчу топтун жумушу жеңил болгонун, анын себеби мыйзамдын буга чейинки редакцияларына карата журналисттерден бир катар сунуштары, сын-пикирлер айтылгандыктан кайра-кайра каралып жатып, жетилип калган болду,- дейт Зарина Калмуратова.

Министрликтин өкүлү белгилегендей, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүгөн редакцияда журналисттерге кенен укук берилип, сөз эркиндигини талаптарына жооп берет.

«Үчүнчү жолу түзүлгөн жумушчу топ эки айдын ичинде жума сайын бейшемби күнү түштөн кийин чогулуп, талкуулап жаттык. Бул жолу жеңил болду, себеби буга чейин сунуштар сын-пикирлер айтылып, жетилип калаган эле. Мыйзам долбооруна бир топ өзгөртүүлөр кирди. Мисалы медиа катары катталаган болсо, мамлекеттик органдардан кандайдыр бир маселени тактоо же маалымат алуу үчүн кат жөнөтсө учурда иштеп жаткан мыйзамда 14 жумушчу күндүн ичинде жооп бериш керек болчу. А сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бул норма үч жумушчу күндүн ичинде жооп бериши керек деп киргизилди. Эгер маалыматты тактоодо дагы убакыт керек болсо, үч күндүн ичинде качан даяр болорун айтуу керек. Бул норма ЖМКлардын ишин алга жылдыруу максатында киргизилди».

Ошондой эле ал Маданият министрлигине берилген укутар тууралуу буларга токтолду:

«ЖМК тууралуу сунушталган мыйзамдын 5-беренесинде маалымат каражаттары бөгөт коюлган, тарткатууга, чагылдырууга мүмкүн болбогон маалыматтарды чыгара турган болсо, Маданият министрлиги эскертүү бере алат. Эгер ага карабай бөгөт коюлган маалыматтарды таркатса, бир жылда үч жолу эскертүү берилсе, анда министрлик ошол ЖМКны же сайтты бөгөттөй алат. А колдонулуп жаткан мыйзамда Маданият министрлигинде мындай укук жок».

Жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлүп, ага “Медиа Полиси” инстутунун юристи Нурбек Сыдыков, Kaktus.media басылмасынын негиздөөчүсү Дина Маслова, “Азаттыктын” кызматкери Кубат Оторбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, юрист Аскат Алагушев кирген. Дагы башка адистер да кошулуп, жумушчу топко маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жетекчи болуп бекитилген.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумуш тобунун мүчөсү, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбековдун айтымында, парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн документти башында сунушталган мыйзам долбоорунун редакциялары менен салыштырууга мүмкүн эмес. Себеби буга чейин жазылган мыйзам долбоорун медианы түшүнбөгөн, бул тармакта практикалык түрдө иштебеген адистер болгондуктан чийки болуп калган.

Дүйшөнбековдун пикиринде, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы журналисттердин ишмердүүлүгүн алга жылдырат жана замандын талабына ылайык, ашыкча чектөөлөрү жок иштелип чыкты.

«Акыркы иштелип чыккан мыйзам долбоорунун редакциясын буга чейинкилерине салыштырууга мүмкүн эмес. Буга чейин сунушталган мыйзам долбоору 65 беренеден турса, акыркы редакциясы 34 беренеден турат. Биз өтө аша чапкан, керек эмес болгон беренелерди кыскарттык. Менимче, заман талабына ылайык, медиа коомчулукта сын-пикир жаратпай турган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Себеби журналисттер тараптан айтылган сунуш-пикирлер эске алынды. Эң негизги маселелердин бири ЖМК ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан каттоодон өтүүсү керек деген пункт алынды. Мисалы өлкөдө 400дөн ашуун айыл өкмөт бар болсо, бир репортаж тартуу үчүн эч бир редакция аккредитациядан өтпөйт, муну кыла албайт да».

Нурдин Дүйшөнбеков мыйзам долбоорундагы дагы бир өзгөчөлүгү «коомдук кызыкчылык» деген түшүнүк киргизилгендигине токтолду:

“Коомдук кызыкчылык деген түшүнүк кирип жатканы жакшы нерсе. Ссебеби журналист өзүнө керектүү маалыматты эмес, тескерисинче элге керектүү, маанилүү маселени чагылдырып, коомчулукту кабардар кылып жатканы мыйзамда жазылганы журналисттер үчүн артыкчылык. ЖМК боюнча мыйзам менен гана эмес, башка кодекс, мыйзамдар менен иштер козголуп айрымдарынын иши сотто жүрүп жаткан журналисттер да бар. “Коомдук кызыкчылык” деген нерсе бул жерде да өзүнүн таасирин тийгизе алат. Себеби журналист өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, коомдун кызыкчылыгы үчүн жасады деген негизде”.

Жумушчу топтун дагы бир мүчөсү, “Медиа Полиси” инстутунун юристи Нурбек Сыдыков да мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы сапаттуу жазылганын, медиа коомчулуктун буга чейинки документке айтылган сын-пикирлери эске алынгандыгын айтты.

Сыдыков буга чейин сунушталган долбоордо ар бир сайт Адилет министрлигинен ЖМК катары катталуусу керек деген норма алынып салынганын, бир гана чет өлкөлүк медиалар гана милдеттүү түрдө катталуусу керектигин айтты.

«Сайттардын баары милдеттүү түрдө Адилет министирлигинен массалык маалымат каражаты катары катталуусу керек деген маселе да адынды. Жаңы редакцияда каттоо ыктыярдуу түрдө деп жазылган. Анда эгерде кимде ким массалык маалымат каражаты катарында иштейм, ошого жараша артыкчылыктарга ээ болом десе арыз жазып каттала алат. Бирок ошону менен бирге жоопкерчиликти да кошо алат. Журналисттик этиканы сактоо керек, мыйзамдарды сактоо зарыл. Муну менен катар дагы бир маселел жаралат ЖОЖдордун же ар кайсы уюмдарда ишмердүүлүгүн чагылдыргандар ЖМК катары катталбайт.

Ал эми чет өлкөлүк ЖМК болсо, ал милдеттүү түрдө катталуусу керек».

13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору артка кайтарылган.

7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.

Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда да жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушев топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей койгондо, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоо керек экенин айтышкан.

1992-жылдын 2-июлундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» колдонуудагы мыйзам эскирип, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей калгандыктан жаңы долбоор сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM