25-январда Ысык-Ата районунда мушташтын айынан окуучу каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-январда Ыссык-Ата райондук милициясына 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 14:12 чамасында Кант шаарында жайгашкан №3 мектептин 10-классынын Р.А. аттуу окуучусу оозеки чыр-чатактан улам арыздануучунун 17 жаштагы Ч.Д. аттуу инисинин денесине залал келтиргендигин билдирген. Жыйынтыгында Ч.Д. аймактык ооруканага жеткирилип, ушул эле күнү эсине келбей ооруканадан каза болгон.
Бул факты Ысык-Ата райондук милицияга катталып, кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде («Ден соолукка оор залал келтирүү») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
«Тергөөнүн жүрүшүндө 22-январда болжол менен саат 12:30 чамасында Кант шаарынын №3 мектебинин Ч.Д. жана Р.А. аттуу мектеп окуучуларынын ортосунда ооз эки чыр-чатак чыгып, андан соң алар мектептин аймагынан тышкары жерде мушташа кетишкен. Натыйжада экөө тең денесинен жаракат алышкан. Жыйынтыгында жашы жете элек Ч.Д. аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, эсине келбей каза болгон»-деп айтыдаи маалыматта.
Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы менен КР Жазык-процкссуалдык кодексинин ченемдеринин талаптарына ылайык чечим кабыл алынат.