Connect with us

ИИМ: Бишкекте урнадан ымыркай табылды

Кыска кабар | 29 Янв 2025 | 1038 | 0

28-январда Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсүндө урнадан ымыркай табылды. Бул тууралуу Лелин райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлады.

Маалыматка караганда, ымыркайды окуучулар таап алып, милицияга кабарлашкан. Азыркы тапта ымыркайдын энесин аныктоо жана табуу иштери жүрүп жатат.

Кылмыш иши козголуп, тергөө башталганы, учурда ымыркай ооруканада экени айтылды.

Буга чейин да бир канча жолу жаңы төрөлгөн ымыркайды уранага таштаган окуялар катталган.

Copyright © 2017 Maral FM