Бүгүн, 24-январга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 241 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 207 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 747 куб метрди түзүүдө.
Январь айынын башында суу сактагычта суунун көлөмү 10 млрд 952 млн куб метр суу болгон.