2025-жылдын 27-январынан 27-февралына чейин ар бир шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 09:30дан 17:00гө чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиясына жана Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын академиясына кабыл алуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу Атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлады.
Академияда окууну каалагандарга төмөнкүдөй талаптар коюлган:
-17 жаштан 21 жашка чейин;
— бою 170 см жана андан жогору;
— салмагы кеминде 60 кг;
-толук орто билими жөнүндө аттестаттын же орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табелдин) орточо баллы 4,0 баллдан төмөн эмес;
* соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да;
* чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да;
Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:
-медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү;
-дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;
-психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ тести);
-полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;
— кирүү экзамендерин тапшыруу.
Өткөн жылы 17-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиясы ачылган. Президент Садыр Жапаров академиянын ачылышында ушул убакытка чейин улуттук коопсуздук органдарына керектүү адистер Орусиядагы окуу жайларда окуп келгенин, эми өлкөдөгү академиядан даярдаларын айткан.
Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар, адистештирилген жогорку окуу жай болот.
Жетекчилик курам үчүн кадрларды укуктук башкаруу жаатында окутат. Ошону менен бирге коопсуздукка байланыштуу маселелерде илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, мыйзамдарга сунуштар иштелип чыгат.
Академия мындан сырткары, чалгындоо, чалгынга каршы жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жаатында иш алып барат. Аскердик адистер үчүн кесиптик даярдоо программасы боюнча 5 жылдык мөөнөттө окутуу каралган, ошондой эле ыкчам курам үчүн 1 жылдык мөөнөттөгү кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулган.
Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:
* Бишкек шаарынан төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Профсоюз көч., үй-104 “А”, тел.: 0 (312) 30-73-86;
* Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй;
* Ош шаары жана Ош облусу боюнча, дарек: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;
* Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;
* Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;
* Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;
* Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;
•Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0 (3922) 5-11-80.
Кошумча маалыматтарды КР УКМКнын www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.