Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди. Бул тууралуу 24-январда өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Кытайга мамлекеттик иш-сапарын даярдоо ишинде кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберүү түрүндө кетирилген одоно бузуулары, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын баарлашуусунун кызматтык этикасын бузгандыгы үчүн Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Актилек Мусаева сөгүш берилди.
Актилек Мусаева 2022-жылы сентябрда элчилик кызматка дайындалган.
Ал 2019-жылы биринчи вице-примьер-министрдин кеңешчиси болуп иштеген.