Кыргыз-тажик чек ара маселеси дээрлик бүтүп калды, эки тараптуу кагаз иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 28-январда «Кабар» маалымат агенттигине курган маекгинде айткан.
Президент кыргыз-тажик чек арасы кандай шарттарда чечилгенин, шахмат сыяктуу жайгашып калган үйлөрдүн абалы тууралуу да айткан.
“Чек ара маселеси дээрлик бүтүп калды. Эки тараптуу кагаз иштери жүрүп жатат. Эң негизгиси, эки тараптуу макулдашууга жетиштик. “Кайсы тараптын пайдасына чечилди?” деген сурооңузга жообум мындай: эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси чечилип жаткан жерде бир тараптуу кызыкчылык өтпөйт.
Андан сырткары, чектеш айылдарыбызда шахматтын доскасы сыяктуу жайгашып калган үйлөр бар. Аларды да түздөп сыздык. Эгер биз тарапка өтүп калган Тажикстандын үйлөрү болсо, тажик тарап аларды көчүрүп кетет, эгер биздин тажик тарапка өтүп калган үйлөрүбүз болсо, биз көчүрүп кетебиз. Башка жерге үй салып беребиз. Жер аянттарынын көлөмүн да эске алдык. Демаркация иштери жүрө баштаганда толук маалымат алышат».
11-декабрда Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айынын ортосунда киргизилерин айткан болчу.
Ушул жылдын 1-декабрынан 7-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болгон. Анда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын жыйынтыктаган.