Аба ырайынын начарлашына байланыштуу 6, 7 жана 8-январда Төө-Ашуу жана Суусамыр ашуусу тик учактардын учуусуна жабык болот.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Жалал-Абад жана Ош облустарында туман болууда.
Ошондой эле 6-январда саат 07:50дөн тарта Ош шаарында туман түшкөндүгүнө байланыштуу «Ош» эл аралык аэропортунда учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизилген.
9-10-январь күндөрү аба ырайы ачык болорк жана учуулар кайра жанданары кабарланды.