Мексикада дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөдөгү мекемелери Мексиканын АКШдагы элчилигинин, Россия жана Казакстандын Мексикадагы элчиликтеринин көмөгү менен кыргызстандыкты издөө боюнча зарыл ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.
Мексиканын ыйгарым укуктуу органдарына кыргыз жаранын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуулар жөнөтүлдү.
Изделип жаткан жаран Мексиканын Канкун шаарында болгон жана Кыргызстанга учуп келүүнү пландаган.
Учурда Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөдөгү мекемелери дайынсыз жоголгон жарандын жакындары менен байланышта.