«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу «Маариф» түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу мекеме социалдык тармактагы баракчасына 2-январда жарыялады.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу «Маариф» түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик «Маариф» фондуна тиешелүү экендигин билдиребиз»,- деп айтылат маалыматта.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси 2024-жылдын 30-декабрда Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүп, түзүүчүчүлөр курамы алмашканы маалым болгон. Алар Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, «Маариф Улуслар арасы Егитим курумлары» жана Түркиянын «Маариф» фонду көрсөтүлгөн.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Түркиянын «Маариф» фондунун балансына өткөндүгү тууралуу маалыматты 31.12.20224-жылы саат 00:24тө Юстиция министрлигинин сайтынан көрүшкөнүн билдирген.
Ал эми Билим берүү министрлиги эч кандай расмий маалымат бере элек.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Сапат» билим берүү мекемелер тармагынын «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөнү тууралуу үн каткан.
Маалыматта, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен «Маариф» эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнүн директору Хүснү Биржан 31-декабрда жолугушкан.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси алгач 1994-жылы 8-июнда каттоодон өткөндүгү көрсөтүлгөн.
Кыргызстанда 1992-жылдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелери иштеп келет. Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эларалык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери иштеп жатат. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат.
Сапаттын окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алып жүрөт.
Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында «Себат» лицейин «Сапат» деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган.
Түркиянын Маариф Фонду 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик уюм. Ал Түркиядагы ички саясий кырдаалдан улам кысымга алынган «Кызмат» кыймылынын дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө ачкан мектептерин улутташтыруунун негизинде өзүнө өткөргөн. Түрк бийлиги Кыргызстанга да бул маселе боюнча бир нече ирет кайрылган. 2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев бул маселе боюнча «өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү» деген негизде түрк өкмөтүнүн суранычын четке каккан.
Кыргызстанда «Маариф» фондунун мектеби 2021-жылы Бишкекте ачылган.