2025-2026-жылдар аралыгында өлкөдө коррупция толук жоюлат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасы аркылуу 1-январда билдирди.
Анда Ташиев 2024-жылдын 31-декабрында президент коррупция менен кармалгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койгонун, мындан ары коррупция менен кармалгандар камаларын айткан.
«Мындан ары коррупция менен кармалгандар сөзсүз түрдө түрмө жазасын алышат, айып пул деген түшүнүктү алып салдык. Анын жакындары мамлекеттик кызматта иштеген болсо, кызматынан четтетилет. Ал эми өзү өмүр боюу мамлекеттик, муниципиалдык, укук коргоо жаатында иштей албайт. Урматтуу мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлер, мен силерерди коррупциялык кылмыштарга барбоого чакырам. Айрыкча билим берүү, медицина жана башка мамлекеттик кызматта иштегендер кийин билбей калыптырбыз дебегиле. 2025-2026-жылдары Кыргызстанда коррупциялык элементтер калбашы керек»,- деди Ташиев.
2024-жылдын 31-декабрында президент Садыр Жапаров коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон.
Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет иштеп чыккан мыйзам долбоорун 25-декабрда карап, экинчи жана үчүнчү окууда колдогон. Долбоордо “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган.
Мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:
-жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, же болбосо ага карата кылмыш-жаза иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартылат.
-коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салынат,
-коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыппулдар жокко чыгарылат,
-күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо каралган.
Буга чейин парламентте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жогоруда айтылган мыйзам долбоору боюнча маалымат берип, учурда жекморлукка каршы аёсуз күрөш жүрүп жатканын, бирок жемкорлуктун деңгээли жогору бойдон калып жатканын, айрым жерлерде өсүп да кеткенин билдирген. Буга байланыштуу жазаны күчөтүү сунушталган.