Украина президенти Владимир Зеленский жаңы жылдын башталышында телемарафон өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Зеленский Трамп тууралуу пикирин билдирип, АКШнын жаңы шайланган президенти ага кандай таасир калтырганын айтып берди.
«Трамп чечүүчү роль ойной алат. Бул биз үчүн эң негизгиси», — деп жооп берген Зеленский. «Анын мүнөзү ошондой. Ал бул согушта чечүүчү боло алат. Чынында эле ал Путинди токтото алат, тактап айтканда – бизге Путинди токтотууга жардам бере алат. Бул анын колунан келет», — деп билдирген украин президенти.
Зеленский Трамп менен бир нече жолу жеке жолугушууларда жана телефон аркылуу сүйлөшкөнүн эске салган.
«Ал күчтүү лидер жана анын кандай аракеттер жасай турганын алдын ала боолголоо кыйын. Мен Трамптын бул сапатын биринчи кезекте Орусия үчүн колдонуусун каалайт элем. Мен анын чын эле согушту токтотууну каалаганына ишенем», — деп кошумчалаган Зеленский.
Белгилей кетсек, Трамп АКШнын президенти болуп шайлангандан кийин Украина президенти Зеленский менен Париж шаарында жолугушту. Эми Трамптын инаугурациясынан кийин Зеленский АКШга барары күтүлүп жатат.