Connect with us

Өкмөт Made in KG экспорттук долбоорун бекитти

Кыска кабар | 6 Янв 2025 | 151 | 0

2025-2028-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” улуттук экспорттук программасы министрлер кабинети тарабынан бекитилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Программа өлкөнүн экспорттук потенциалын бекемдөөгө жана атамекендик продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Made in KG долбоору экспорттоочуларды колдоо, тышкы рынокко чыгуу шарттарын жакшыртуу, ошондой эле “Кыргызстанда жасалган” брендин илгерилетүү боюнча иш-чаралардын комплексин камтыйт.

Документке ылайык, министрликтер, мекемелер, ошондой эле аймактык түзүмдөр, коммерциялык банктар, өнүктүрүү фонддору иш-чаралардын планын толук аткаруу боюнча чараларды көрүп, аткарылган иштер боюнча квартал сайын отчет берип турушу керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM