Connect with us

Мыйзамдуу курулуп жаткан объекттерге QR-код коюлат

Кыска кабар | 4 Янв 2025 | 199 | 0

Көп кабаттуу үйлөрдөн турак жай сатып алууда курулуштун мыйзамдуу экенин текшерүү зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Facebook баракчасында билдирди.

Ал 2025-жылдын январынан тарта бардык курулуш объекттери убактылуу тосмолорунда атайын QR-коддорду жайгаштырууга милдеттүү экенин жазган. Бул коддорду мобилдик телефон аркылуу сканерлөө менен курулуштун мыйзамдуулугун оңой текшерүүгө болот.

«Бул жаңылык курулуш тармагындагы ачык-айкындуулукту бир топ жогорулатат жана жарандардын укуктарын коргойт деп ишенебиз. Ошондой эле, кыймылсыз мүлк рыногун коопсуз жана ачык кылат. Биз буйрукка кол койдук жана талапты аткарбаган компаниялар айыпка жыгылат», — деп жазган Нурдан Орунтаев.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM