Кыргызстанда грипп менен курч респиратордук инфекция күч алды. Бул жагдайга байланыштуу саламаттык сактоо министри элге кайрылды.
Ал кайрылуусунда калкты сак болууга жана оорунун биринчи белгилери байкалган маалда өз алдынча дарыланбай дарыгерлерге кайрылууга чакырды.
Министрлик грипптен сактануу үчүн төмөнкү эрежелерди кармоону сунуштайт:
• Бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетип туруу;
• Колду самын менен жуу;
• Эл көп топтолгон жерлерге барганда беткап кийүү;
• Туура тамактануу жана активдүү жашоо образын жүргүзүү менен иммундук системаны бекемдөө.
Министр республика боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштеп жатканын, дем алыш күндөрү нөөмөт уюштурулганын кошумчалады. Ал ошондой эле өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгиледи.
“Республикада КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгилегим келет. Саламаттык сактоо министрлиги абалды такай көзөмөлдөп, саламаттыкты сактоо уюмдарында мониторинг жүргүзүүдө”,-деди ал.