Биз менен байланышыңыз

Сасык тумоонун алдын алуу боюнча адистердин кеңеши

Блог | 10 Дек 2022 | 7853 | 0

Азыр өлкө аймагында сасык тумоого чалдыккандардын саны өстү. Мындан улам, курч вирустук инфекция жүрүп жаткан учурда оорунун алдын алуу жана дарылоо боюнча адистердин кеңештерин чогулттук.

Алдын алуу чаралары:

  1. Туура тамактануу жана активдүү болуу зарыл;
  2. Эгер балдырыныз же сиз ооруп калсаныз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз;
  3. Оорубаш үчүн жөтөлүп чүчкүрүп жаткан адамдардан алыс болуу зарыл;
  4. «Жөтөлүү этикетин» сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз мурунду жаап чүчкүрүү жана ооз, көз, мурунду кармоодон алыс болуу зарыл:
  5. Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү зарыл;
  6. Эгер мүмкүн болсо, топтошкон жерлерде жүрүү мөөнөтүн кыскартуу;
  7. Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруу;
  8. Эгер сиз ооруп калсаныз, үй-бүлөнүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык бет кап тагыныңыз жана аны 4 саат сайын алмаштырууңуз зарыл;
  9. Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет арчы менен камсыз кылып, бөлмөнү тазалап желдетип туруу;
  10. Дарыгерге кайрылуу зарыл – дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт;
  11. Өзүнөрдү-өзүнөр дарылоодон алыс болгула, анткени өзүн-өзү дарылоо оорунун ар кандай оорлошуна алып келүүсү мүмкүн.

«Бул ооруну дарылоонун негиздери — тынчтык жана төшөктө жатуу. Бейтапты жылуу кармап, үйдөн чыгарбоо керек. Андан сырткары алдын алуу чараларын айта кетсек, эң биринчи, эгер үйдөн бирөө ооруп калса, бет кап тагынып бир бөлмөдө отурушу керек, үйдү желдетип туруу керек. Үйдү желдетүү бөлмөдөгү вирустардын концентрациясын азайтат. Суюктук көп ичүү: суюктук көп ичкенде, кан айлануу жакшырып вирустардын чыгып кетиши бат болот. Андан сырткары туура тамактануу, балдарга витаминдүү тамактардан көп берүү. Лимон менен чай, бал менен чай болобу, көп суюктук берүү керек. Туура тамактануу, жашылча-жемиштерди көп берүү керек», — деди адис.

Курч вирустук инфекция учурунда дароо антибиотик колдонууга болбойт

Copyright © 2017 Maral FM