Биз менен байланышыңыз

Антибиотиктер вирустук инфекцияны дарылабайт

Ден соолук , Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 1301 | 0

Антибиотиктер сасык тумоо учурунда пайда болгон вирустук инфекцияны дарылабайт. Өз алдынча дарыларды колдонуу менен элдер, кийин алардын таасири азайып, башка оорууга кабылган учурда пайдасыз болуп калуусуна шарт түзөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо жыйынында билдирилди.

Калктын 64 пайызы суук тийүүдө антибиотиктер менен эле өз алдынча дарыланса болот деп жаңылышат. Мындай катачылык, кийин керек болгон учурда антибиотиктер таасирдүүлүгүн жоготуусуна алып келет.

Европада жылына 25 миңден ашык адам бактериалдык инфекциянын айынан көз жумат. Мунун баары организм антибиотиктерге көнүп калгандыктан болот.

Антибиотиктерди ченемден ашыкча колдонуу, холера, сифилис, кургак учук сыяктуу өнөкөт ооруларына кабылганда, атайын сунушталуучу дары-дармектердин жардам бербей калышына алып келет.

Copyright © 2017 Maral FM