Биз менен байланышыңыз

Бир суткада пневмониядан 42 бейтап, коронавирустан 4 киши каза тапты

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 1116 | 0

Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан  77 жаштагы эркек бейтап,
Жайыл аймактык ооруканасынан 62 жаштагы жана 55 жаштагы эркек жаран, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан  68 жаштагы эркек жарандар каза болгон. Жалпы каза болгондордун саны 116 кишиге жетти.

Ошондой эле бир сутка ичинде пневмониядан 42 бейтап каза болду. Алардын ичинен 21 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам.

Март айынан бери жалпы пневмониядан каза болгондордун саны – 310 адам.

 

Copyright © 2017 Maral FM