Биз менен байланышыңыз

Инфекциялык ооруканага бир суткада 665 адам кайрылды

Кыска кабар | 2 Янв 2020 | 815 | 0

Республикалык Жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 31-декабрдан 1-январга чейинки 1 күн ичинде 665 бейтап кайрылган. Анын 155и ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Реанимациялык бөлүмдө абалы оор болгон 10 адам бар.

Учурда бейтапкана күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Анда бүгүнкү күндө 447 бейтап дарыланууда. Алардын басымдуу бөлүгү — дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү менен жабыркаган балдар.

Copyright © 2017 Maral FM