Биз менен байланышыңыз

Баткен: Самаркандек айылында оорукананын кошумча имараты ачылды

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 724 | 0

Бүгүн, 2-июлда Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айылында жалпы дарыгерлер борборунун кошумча имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Салтанатта Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, жакындан көмөк көрсөтүп келген коомдук ишмерлер катышты.

Имараттын курулушуна «Ассанабил» кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган.

Буга чейин аталган борбордун имаратында бөлмөлөр жетишсиз болуп, көйгөй жаратып келген. Учурда кошумча имарат курулуп, бардык керектелүүчү шарттар түзүлүп, анда операция, жараат таңуучу, ийне саюу бөлмөсү жана бейтаптар үчүн эки бөлмө бар.

Copyright © 2017 Maral FM