Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 124кө жетти

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 702 | 0

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин таңкы саат 7:00гө берген маалыматына караганда, чек арадагы кагылышууда үч жаран каза таап, жарадар болгондордун саны 124кө жетти.

Жаракат алган 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке алынып келинип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды.

Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган. Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

29-апрелде эртең менен кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алган. Түштөн кийин чек арадагы абал кайрадан күчөп, 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт, автомат менен атып баштаган.

29-апрелдин кечинде Баткен облусунун Лейлек районунун Арка, Жаштык, Максат жана Эски-Оочу айылдарына Тажикстандын аскерлери оор техника менен аткылап, тургундар жакынкы айылдарга качып чыгышкан. Айылдарда үйлөр өрттөлгөн.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрелдин түнүндө саат 24:00гө берген маалыматына караганда, чек арадагы кагылышууда үч жаран каза таап, жарадар болгондордун саны 84кө жетти.

Чек ара кызматы саат 23:45те карата кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу токтогонун билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM