Биз менен байланышыңыз

Баткен: АКШ менен аскердик кызматташуу аракети

Без рубрики , Саясат | 21 Окт 2022 | 991 | 0

Ушул жумада АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн делегациясы Баткенге келген. Пентагондун өкүлдөрүнө Баткенде чек арада жабыркаган объектилер көрсөтүлүп, кызматташтык жөнүндө сөз болгон. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров АКШнын аскердик делегациясынын Баткенге сапарынан күмөн санап, өкмөттөн толук маалымат берүүнү талап кылган.

Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров АКШдан Баткенге келген Куралдуу күчтөрүнүн делегациясын тосуп алганы үчүн өкмөттү сынга алды.

Ал аталган өлкө менен аскердик кызматташуу тууралуу келишим жоктугун, чек арадагы абал толук тынчый электе бул делегациянын келиши тышкы саясатка терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты.

“Кечээтен бери чоң маселе болуп жатат. Мына, Баткенге АКШнын чоң аскер делегациясы келип, аны биздин министрликтин орун басарлары тосуп алып, чоң бир иш-чараларды өткөрүп жатышат. Кошуналар менен кырдаал мындай болуп турганда бул болуп көрбөгөндөй жорук. Биз ЖККУнун мүчөсүбүз, АКШ менен аскердик кызматташуу жөнүндө келишимибиз жок. Кантип аскердик делегация ошол жакка келип калды, ким чакырды, кимдер менен кызматташып жатат, кандай макамда келди? Ушул боюнча ким болсо, ошол бүгүн кечке жооп берип койсун. Бул биздин мамлекеттин тышкы саясатына өтө опурталдуу өзгөртүү киргизүүчү позиция”.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн делегациясы Баткенге 17-октябрь күнү келген. Аны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов тосуп алган. Делегация мүчөлөрү Баткенге барып, тажик агрессиясынан талкаланган үйлөрдү тазалоо, куткаруучулар тарабынан жергиликтүү элди эвакуациялоо, гумжардамды жеткирүү иштери менен таанышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Нурзат Муратбекованын айтымына караганда, жолугушууда министрликтин Баткен облусундагы башкармалыгынын техникаларын, керектелүүчү шаймандарын жаңылоо, бул багытта кызматташуу тууралуу сөз болгон.

“АКШдан келген делегация ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгындагы куткаруучулардын техникаларын жакшыртуу, алардын тажрыйба топтоо жаатында кызматташууну күчөтүү жана куткаруу ишине керектелген шаймандарды заман талабына ылайык жаңылоо жөнүндө гана сөз болду. Ошондуктан, бул жолугушууну саясатташтыруу туура эмес”, — деп билдирди офицер Муратбекова.

Талдоочу Айданбек Акматов АКШнын аскердик делегациясынын Кыргызстанга келүү максатына ылайык баа берүү керек деген пикирде.

Ал расмий маалыматка таянып, АКШ министрлик менен жолугуп, жабыркаган элге жардам берүүнү каалаганын, буга каршы болуу туура эместигин айтты.

Бирок АКШнын аскердик жактан кызматташуу ниети болсо Кыргызстан кол коюлган милдеттенмеге ылайык, ЖККУдан уруксат алышы керектигин билдирди.

“Биз чын эле ЖККУга мүчөбүз, эгерде аскердик багытта кандайдыр бир аракеттер боло турган болсо, биздин алган милдеттенмелерге каршы келбейби карашыбыз керек. Мисалы, Америкага Манаска аскердик база курууга уруксат бергенде ЖККУ менен, Орусия менен макулдашылып туруп берилген. Кийин геосаясий абал курчуп, Орусиянын каршы туруп алганынын айынан аларды кетирүүгө туура келген. Биз мындай учурда маалыматты так карашыбыз керек”, — деди Акматов.

ЖККУнун Уставына ылайык, мүчө мамлекеттер өздөрүнүн аймактарына башка мамлекеттердин аскерлерин, аскердик инфраструктуралык объектилерин жайгаштырууда уюмга мүчө мамлекеттер менен кеңешиши керек.

Бирок, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев, жогоруда айтылган милдеттенмелер башка өлкөлөр менен аскердик кызматташууга жолтоо болбой турганын айтат.

Анын пикиринде, Кыргызстан эгемен өлкө катары каалаган мамлекет менен ар кайсы багытта кызматташа алат.

“Биздин Улуттук гвардия Американын Монтана штатындагы аскердик базалардын бири менен кызматташат көп жылдан бери. Мына, Түркия менен да тыгыз кызматташып келатабыз, ал НАТОго мүчө мамлекет. Экөөнүн айырмасы эмне? Европа менен, Америка менен кызматташып эле келе жатабыз, ошон үчүн эгемен өлкөбүз. Ким менен кандай кызматташышты мамлекет чечет. Анан биз ЖККУнун мүчөсүбүз деп эч ким менен кызматташпасак, Түндүк Корея болуп калбайбызбы? Биздин саясатта же “орусиячыл” же “батышчыл” болуп бөлүнгөндөр бар”, — деди Суваналиев.

Генерал бул маселени саясатташтыруудан алыс болууну жана өлкө кызыкчылыгы үчүн ыңгайлуу тарап менен кызматташууну туура көрөт.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту чыңдоо максатында түзүлгөн бирикме. Ага Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө.

ӨКМдин маалыматына караганда, АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер баштаган делегациянын курамында беш кызматкер келген.

Copyright © 2017 Maral FM