Кыргызгидромет билдиргендей, эртең түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6,
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -13…-15, күндүз -3…-5 градус болот.