Connect with us

Бишкекте III Элдик курултайдын экинчи күнү башталды

Кыска кабар | 21 Дек 2024 | 130 | 0

Бүгүн Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултайтын экинчи күнү башталды.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышууда.

Иш-чара эки күнгө – 20-декабрдан 21-декабрга чейин уланат.

Бул жолу курултайга жалпы 700 делегат чакырылса, алардын 30 жашка чейинкиси 14, 30 жаштан 60 жашка чейинкиси 353, 60 жаштан 80 жашка чейинкиси 328ди түзөт. Ал эми 80 жаштан жогору 5 делегат шайланган. Делегаттардын арасында эң улуусу, кылымга тете жашаган 98 жаштагы Улукбек Эргешов.

Иш-чара өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM