Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү бир катар макулдашууларды кабыл алды

Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 446 | 0

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчөдө болгон жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикистандын Исфара багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде болушат.

Ошондой эле тараптардын укук коргоо органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн өздүк курамы Төрт-Көчө жерлигинде кайгуул иштерин жүргүзүшөт.

Саат 19:30да Төрт-Көчөдө тараптардын ошол аймактагы чек ара заставаларынын башчыларынын жолугушуусу өттү.

Баткен облусунун жетекчилиги жана чек ара өкүлүнүн тажик кесиптештери менен кезектеги жолугушуусу Как-Сай жерлигинде өтөт.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен. Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болгон.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Бирок ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарган. Көп өтпөй атышуу токтогон. Бул аймактагы окуядан Кыргызстандын эки жай тургуну олуттуу жаракат алышкан.

Саат 18:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM