Биз менен байланышыңыз

Чек ара маселеси эмне үчүн жабык сессияда каралат?

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Фев 2022 | 953 | 0

Чек ара маселеси боюнча парламенттин отурумдары жабык эшик артында өткөнү туура. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал бир сөз туура эмес же ашыкча айтылып калса, жарандардын өмүрүнө коркунуч жараларын айтты.

«Коомчулукка айткым келип турат, биз жабык сессияда жөн эле отурганыбыз жок, бул — мамлекетибиздин коопсуздугу, бүтүндүгү үчүн жасалып жаткан нерсе. Ал жерде жалпы коомчулукка айтылбай турган, же болбосо коңшу мамлекеттерге жетпей турган маселелер каралат. Бул — мамлекеттин сыры», — деди депутат.

Талиева буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке чек ара маселесин талкулоого келгенде коомчулукка айтылбай турган бир топ маселе талкууланып, иш алдыга жылганын кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM