Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
Жарлыкта айтылгандай, мындай сыйлык ага «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын өлкө боюнча турак жайларды куруудагы ишмердигин илгерилетүү, «Каракол эл аралык аэропорту» долбоорун ишке ашырууга кошкон салымы, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндөгү олуттуу жетишкендиктери үчүн ыйгарылган.
Президент 23-декабрда бир катар жаранга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.