Connect with us

«Азаттыктын» журналисттери түшүнүк кат жазгандан кийин кое берилди

Кыска кабар | 23 Дек 2024 | 127 | 0

Бүгүн, 23-декабрда милиция бөлүмүнө жеткирилген «Азаттык» медиасынын кабарчысы жана оператору түшүнүк кат жазып, милиция бөлүмүнөн чыгышты. Бул тууралуу аталган медиадан кабарлашты.

Кабарчы жана оператор Бишкектеги №1 тергөө абагынын алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жатканда милиция аларды Октябрь ички иштер бөлүмүнө алып кеткен.

Маалыматка караганда, журналисттер чогулган адамдардын биринен интервью алган. Милиция кызматкерлери тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң милиция бөлүмүнө алып кеткен.

Бүгүн №1 тергөө абагынын алдына камактагылардын жакындары чогулган.

Буга чейин социалдык тармактарда 22-декабрга караган түнү Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде абактагылар массалык ачкачылык акциясын баштаганы жөнүндө маалымат тараган.

Жазаларды аткаруу кызматы маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген жана түзөтүү мекемелери кадимки шартта иштеп жатат.

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы 18-декабрда алмашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин буйругу менен Аскат Эгембердиев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна 39 жаштагы Чыңгыз Кожошев дайындалган.

Ал жогорку билимдүү, ОшМУнун юриспруденция адистигин аяктаган.

Кызмат кылган жылдары ички иштер органдарынын катардагы кызматкеринен УКМКнын кызматкерине чейин жеткен. Буга чейин Ош шаарындагы №25 түзөтүү мекемесин жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM