Connect with us

Стамбулда деңиз жээгинде сууда жарылуучу мина табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2024 | 149 | 0

Стамбулдун жээгиндеги Агва маякынын жанында деңиз минасы табылды. Бул тууралуу Haber Turk басылмасы билдирди. Окуяга күбө болгондор кооптуу нерсени байкап, андан соң окуя болгон жерге саперлор чакырылган.

Эксперттер бул аскердик жарылуучу зат экенин тастыкташты. Мындан улам дниздин жээгиндеги пляждар жана анын айланасы убактылуу жабылды.

Туркияда 29-июнда ушундай эле жарылуучу зат Эрегли шаарындагы жээктен табылган. Андан кийин бийлик минадан тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн пляждарда эс алууну 20 саатка токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM