Биз менен байланышыңыз

Баткен милициясы чек ара аймагында абалды көзөмөлдөөдө

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 574 | 0

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана Тажикстандын Согди облусунун ички иштер кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылдарында жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында, күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM