Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана Тажикстандын Согди облусунун ички иштер кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылдарында жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында, күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.
Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.