Биз менен байланышыңыз

Айылына кете албай, медреседе күн кечирген аксайлыктар

Коом | 31 Окт 2022 | 731 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен тилкесинде жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрүнө кайта элек. Алардын көбү Бишкек шаарында күн өткөрүп жатышат. Себеби турак жайы Баткендеги акыркы каргашада талкаланган. Ушул күндөрү үй-жайы күйүп кеткен тургундар кандай күн кечирип жатканынан кабарчыбыз Сагын Сабыров кабар алды.

Бийликтин кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы чечимдери, ага каршы чыккан активисттердин жапырт камалышы коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Ал эми сентябрь айында болгон Баткендеги кандуу окуянын кесепеттери жана үйсүз калган элдин көйгөйү унутулуп баратканын Баткен элине кол кабыш кылып жүргөн ыктыярчылар айтып келишет.

Бишкектин четиндеги Ивановка айылындагы медреседе сентябрь айынан бери аксайлык 12 үй бүлө жашап жатат. Жалпы 52 жанды батырган медреседе жергиликтүү тургун Нурбек Өткүрбек уулу балдарга көз салып турат.

Ал суук түшкөнүнө байланыштуу медресени жылытуу үчүн жетим балдарга деп алынган көмүрдү жагып, айрым учурда электр энергиясын колдонуп жатканын айтты. Медресе мекеме болгонуна байланыштуу электр тогу үчүн киловаттына 2 сом 52 тыйындан төлөнөт.

“Азыр 15 аял, 37 жаш балдар жашап жатышат, экинчи ай кетип атат. Азыр биз электр энергиясын төлөшүбүз керек болуп турат, каражат издеп жатабыз. Биздики чоң мекеме болгон үчүн 2 сом 52 тыйындан эсептелет. Анан бул жакта наристелер бар, жакшылап жылытпасак үшүп калышат. Жетим балдарга деп алынган көмүрдү азыр жагып жатабыз, айла жок. Кийин ордун толуктап коебуз деп жатабыз”, — деди Өткүрбек уулу.

Ал ошондой эле башында көпчүлүк жардам берип, кабар алып турганын, азыр кабар алгандар азайганын кошумчалады.

Бул медреседе жашап жаткан аксайлыктардын дээрлик баарынын үй-жайы, кийим кечеси, буюмдары күйүп кеткен. Учурда кышкы кийимдин убайымын тартып отурган чагы.

Каргашалуу коогалаңдан бери качкындарга кол кабыш кылып жүргөн ыктыярчылардын бири Махмудали Султанов жогоруда аталган медреседеги тургундардан кабар алып турат. Ал азыр электр энергиясы үчүн төлөмгө каражат чогултуп жатат.

“Медреседе электр энергиясына акча төлөш керек болуп жатыптыр, үч фазалуу токту улаганда көп коротулат экен. Мечит-медреселер менин түшүнүгүм боюнча бизнес объект катары саналып, киловаттына көп төлөнөт. Эки айга эсептегенде 11 миң сом чыгып кетет экен, биз аны төлөп беребиз дедик. Төлөсөк бул маселе чечилет. Бирок бул бир эле учур. Андан башка дагы бир үй-бүлөнү билем, төрт баласы менен шаардагы бир кафеде тазалыгын карап иштеп, ошол жерде жашап жатат. Дагы бир үй-бүлө бар, үч балалуу келин, балдарын бир мектепке киргиздик. Эми батир таап бербесең болбойт деп жатат. Андан башка бир эже бар эле 4 баласы менен, эми анын жашаган жеринин шарты өтө начар, анча-мынча адам “менин малканам мындан таза” деп жибере тургандай эле жагдай”.

Султанов ара жолдо калган элге өкмөт жетиштүү көңүл бурбай жатканын айтып кейийт. Ал тургундар үйүнө кайтып, жашагандан да чочулап турганын кошумчалады.

“Азыр өкмөт 200 миң сомдон берди да, «биз болду, кутулдук» дегендей кылып, берип кетишти. Ооба, үйлөрдү дагы салып берип жатышат. Бирок, кеп курулган үйдө эмес да. Ал жерге ким барып жашайт? Балдары бар адамдар ал жерге барып балдары менен жашашын мен элестете албайм. Алар коркуп калышкан, мылтык үнүн мындай кой, таш ташка катуураак тийип кетсе тоону көздөп качуунун айласын издеп калышат, инстинкт болуп калган да».

Бул пикирди Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев да бышыктады. Ал үйлөр курула баштаганын, бирок курулуш бүтсө эл кайтып келип жашашынан күмөн санап турганын айтат. Кыргыз бийлиги бейпил жашоого кепилдик бермейинче, көпчүлүк жергиликтүүлөр айылына келбейт деген пикирде.

“Баягыдай эле жакшы каралбай жатат десек болот. Эми бул жерге жашаш үчүн мамлекет кепилдик бериши керек да, «келип жашай бергиле, коопсуздукту камсыздап беребиз» десе, келип жашайт. Күйбөгөн үйлөр турат, эч ким жок. Кепилдик берсе бала-чакасы менен келип жашамак да. Тажиктерге ошентип кепилдик берген окшойт, алар келип кадимкидей эле жашоо-тиричилигин өткөрүп жатышат. Биздики тескерисинче дагы деле кооптуу турса эмне кылабыз анан, жүрөт да ар жакта талаалап. Муну мен дайыма эле айтып келем, ушул жаңжал чыкканда эле баары Ак-Сайды эстеп калышат, бүтөрү менен унутулат, баягы эле эл өзү менен өзү».

Айыл башчы чет жакта жүргөн мигранттар, жергиликтүү ыктыярчылар тарабынан чоң жардам көрсөтүлүп жатканын айтып, ыраазычылык билдирди.

Каржы министрлигинин маалымат катчысы Назик Атамбекованын айтканына караганда, чек арада жабыр тарткан үй-бүлөлөргө 200 миң сомдон компенсация төлөнгөн. Кайдыгер эмес жарандардан чогулган 330 млн сомдон каралып, компенсация үчүн 139 млн сому коротулган.

«Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине келип түшкөн ыктыярдуу кайрымдуулукка 330 млн. 855 миң сом келип түштү. Анын ичинен 139 млн. 552 миң сому мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасынан жабыр тарткан жарандарга компенсация катары бөлүнүп берилди. Чыгымдар тескемеге же мамлекеттик комиссиянын токтомуна ылайык президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ишке ашырылган», — деди маалымат катчысы.

Сентябрдагы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан кийин эки тарап сүйлөшүү жүргүзүп, тынчтык келишимине жетишкен. Протоколдорго кол коюлуп, эки жактан төрттөн чек ара бекеттери алынмай болгон. Кыргыз өкмөтү кол салуудан зыянга учураган чыгымдын алдын ала суммасын 3 млрд 130 млн сом деп эсептеди.

Жабыркаган 661 үйдүн 423ү жаңыдан курулууга, калган 238и кайрадан оңдоп түзөөгө муктаж. Азыркы учурда жабыркаган үйлөрдү тазалоо иштери жүрүп, айрым жерлерде үйлөрдүн пайдубалы тургузулган.

14-17-сентябрь күндөрү болгон Тажикстандын куралдуу агрессиясынан Кыргызстандын 63 жараны, анын ичинен 48 аскер кызматкерлери каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM