Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча чек ара башчылары протоколго кол коюшту

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 612 | 0

13-апрелде, саат 18:00дөн 18:30га чейин Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары жолугушту. Анда кыргыз делегациясын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жетектеди. Ал эми тажик делегациясын Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмонали жетектеди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери, эки мамлекеттин аймактык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери да катышты.

Анда төмөнкүдөй макулдашууларга жетишилди:

  • Чек арадагы чыр-чатак учурунда чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарды аларды туруктуу жайгаштыруу жайларына алып чыгууну улантсын. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Тараптардын компетенттүү органдарынын кызматкерлеринин ичинен комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат, алар төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
  •  14-апрелде Лейлек (КР) жана Гафуров (ТР) райондорунда;
  • — 15-апрелде Баткен (КР) жана Исфара (ТР) облустарында.

Мындан тышкары, тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн ичинен жоопкерчиликтүү аймактар боюнча жумушчу топ түзүлүп, алар Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттарын тактоо боюнча иштерди жүргүзүү сүйлөшүлдү.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тараптардын укук коргоо органдары менен биргеликте чек арага жакын жайгашкан райондордун жергиликтүү калкына жерди жана сууну биргелешип пайдалануу тартиби жөнүндө мурда жетишилген макулдашууларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

Ал эми тараптардын чек ара өкүлдөрү чек ара ведомстволорунун аскер кызматкерлери тарабынан чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек арачылардын өзүн-өзү алып жүрүү талаптарын так аткарууну камсыз кылууга милдеттүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында делегация башчылары протоколго кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM