Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: биргелешкен суу комиссиясы түзүлдү

Кыска кабар | 13 Мар 2022 | 946 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдардын чарбачылык маселелери талкууланып, суу комиссиясы түзүлдү. Мындай чечим Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согди облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзоданын 12-марттагы жолугушуусунда кабыл алынды.

Андан тышкары арыктарды, каналдарды тазалоо, сугат суу менен камсыздоо жана чек арага жакын жайгашкан айылдарда коомдук тартипти сактоо макулдашылды. Чек арада катталган мал уурдоо боюнча тез арада маалымат алмашып, малдарды ээлерине кайтарып берүү маселесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүлө турган болду.

Чек арага жакын аймакта дрон (учкучсуз учуучу аппарат) учурууга тыюу салынды.

Ал эми эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чек араны кайтаруу, кыргыз-тажик чек арасында чыр чатактарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча өзүнчө каралды.

Эскерте кетсек, 12-март күнү Кыргызстандын, Тажикстандын чек ара жетекичилери Уларбек Шаршеев жана Ражабали Рахмонали жолугуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан. Тажикстандын “Гулистан” өткөрүү пунктундагы жолугушууда тараптар чек арага жакын жерде чыр-чатактын улам кайталанып жатканына көңүл буруп, мындай кийин болтурбоо үчүн чараларды күчөтүүнү макулдашышты. Андан тышкары эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин курал-жарак колдонуусуна тыюу салынды.

Copyright © 2017 Maral FM