Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда эки күнгө созулган III Элдик курултай ишин жыйынтыктады.
Курултайга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышты.
Эки күн ичинде курултайда 150 делегат сөз сүйлөп, сунуш-пикирлерин айтышты. Мындан тышкары, кагаз түрүндө 2 миңден ашык кайрылуулар келип түштү.
Соңунда делегаттардын айрым суроолоруна мамлекет башчысы өзү жооп берди.
Элдик курултайдын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.